Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алган айдоочуга кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз өкүлү Мира Абдылдаева билдирди.
"Унаа токтотуучу жайдын кызматкерин ур-токмокко алган жаранга жазылган арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, бүгүн ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучуга тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дейт Абдылдаева.
Камакка алынган айдоочу милиция кызматкерлери тарабынан бүгүн эртең менен "Мега Комфорт" соода борборунун айланасында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кармалган.
Эске салсак, кечээ, 25-сентябрда интернетке "Мега Комфорт" соода борборунун жанындагы унаа токтотуучу жайда айдоочу улгайган жумушчуну сүзүп алган. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.