ЖЫЛНААМА, 27-СЕНТЯБРЬ: Беш "алтын" жана эки "платина" дисктин ээси украиналык ырчы Ани Лорак 40 жашка толду

Григорий Лепс менен бирге аткарган "Күзгү" дуэти, "Күн", "Мени бекем кучакта" ырлары жана "Евровидение 2008" аркылуу атактуу болгон украиналык ырчы, Украинанын Эл артисти Ани Лорак 1978-жылы 27-сентябрда Украинанын Черновицк облусундагы Кицмань районунда төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү Каролина Мирославовна Куек.

Ал "Алтын громмофон", "Жылдын ырчысы", "Алтын шарманка", "Жыл адамы", "Жылдын мыкты ыры" жана башка сыйлыктардын, ошондой эле 5 "алтын" дисктин ("Там де ти ө…", "Мрій про мене", "Ані Лорак", "Smile", "Розкажи") жана 2 "платина" дисктин ("Солнце" и "15") ээси. Ырчы диапазондогу сейрек кездешүүчү 4,5 октавалык үнү менен белгилүү.

1992-жылы Черновицктеги "Первоцвет" аттуу фестивалга катышып, 1-орунду алган. 14 жаштагы Каролина ошол жерден Юрий Фалёсой аттуу продюсер менен таанышып, бирге иштешүүгө келишим түзгөн.

Ырчы 1995-жылы Орусиядагы "Таңкы жылдыз" аттуу популярдуу телеберүүгө катышмак болуп, ага Каролина менен бирге Орусиянын башка Каролина аттуу ырчысы чыкмак болот.

Ошондо атын өзгөртүүнү чечип, тез аранын ичинде Ани Лорак деген лакап ат ойлоп табат. Ал Каролинанын тескерисинен окулушу. Ошентип кеңири журтка дал ушул лакап аты менен тааныла баштаган.

Ани Лорак 1999-жылы композитор Игорь Крутой менен таанышып, келишим түзүп бирге иштеше баштаган. 2000-жылы "Күзгү" аттуу композициясы жарыкка чыгып, атактуулугу мурункудан да артат.

Ошол эле жылы Ани Лорак дүйнөнүн сексуалдуу 100 айымынын тизмесине кирет. Супер популярдуулукка 2008-жылы "Евровидение" сынагында күмүш медалды алуу менен жеткен.

Ырчылыктан сырткары Ани Лорак "Шинелди ал", "Баш аламан күн же Фигаронун үйлөнүүсү" аттуу мюзиклдерде роль жараткан.

Ошондой эле мультфильмдерде үн коштоп, "Чатырда жашаган Карлсон" аттуу мультфильмде чаян менен мышыктын үнүн коштогон.

Жеке жашоосу

Ырчы карьеранын артынан жүрүп, жеке жашоосун артка таштап койгон эмес. Албетте, мындай сулуу бийкечке көз салгандар көп болгон. Алардын бири жолдошу Мурат Налчажиоглу. Түрк улутунун өкүлү болгон Мурат менен Ани 2003-жылы Анталияда таанышкан. Лорак Түркияга гастролдоп барып, Анталиядагы мейманканалардын бирине жайгашат. Ал мейманкананын ээси ишкер Мурат Налчажиоглу эле.

Мурат ырчыны биринчи жолу көрүп эле ашык болот. Сүйүүгө жетеленген ишкер ырчынын артынан Украинага чейин барып жашап калган.

Экөө 2009-жылдын 15-август күнү үйлөнүү тоюн өткөрүшүп, 2011-жылы София аттуу кыздуу болушкан.

2016-жылы "Жүрөгүмдү кармап кал" ("Удержи моё сердце"), "Англисче кет" ("Уходи по-английски") жана "Сүйдүң беле" ("Разве ты любил") аттуу чыгармаларын угармандарына тартуулаган.

Ани Лорак - "Уходи по-английски"

2017-жылы "Сен дале сүйөсүң" ("Ты ещё любишь") жана "Жаңы бирок мурунку" ("Новый бывший") жана башка ырлары менен угармандарын кубанткан.

Григорий Лепс жана Ани Лорак - "Зеркала"

Мот ft. Ани Лорак - "Сопрано"

2018-жылы "Сумасшедшая" аттуу чыгармасы эл назарына коюлду.

Ани Лорак - "Сумасшедшая" (2018)

27-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан