“Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен өтүүгө аракеттенген Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, документтерди текшерүү маалында 1986-жылы туулган Т.Ж. аттуу Казак жараны кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында, чек арадан өтүү үчүн 1979-жылы туулган агасынын паспортуна өзүнүн сүрөтүн чаптаганы аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын ИИМинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.