Көп убакыттан бери экрандан алыстап кеткен Голливуд актрисасы Анжелина Жоли жаңы фильмге тартылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актриса учурда Бренда Чапман режиссёрлук кылган "Артка кайтуу" аталышындагы фантастикалык тасмага тартылууда. Кино "Питер Пэн" жана "Алиса укмуштар дүйнөсүндө" жомокторунун негизинде тартылат. Анда Питер менен Алиса бир тууган болушса, Жоли алардын апасынын ролун аткарат. Фильмге Майкл Кейн, Анна Чэнселлор, Кларк Питерс жана башкалар да тартылат.
Белгилей кетсек, тасма 2020-жылы көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Ал эми тартуу иштери 1 жылга созулушу күтүлүүдө.