Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде куудул Назира Жетигегованын кызы Азизанын кыз узатуу тою болуп өттү. Ага куудулдун сахналаш достору, санаалаштары Райхан Абдувалиева, Динара Акулова, Роза Шакирова, Фарида Карбосова, Камчы Сарыбаев жана башкалар келип, тойду шаңга бөлөштү.
Тойдун башында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова кызы Азель менен "Айым апам" чыгармасын аткарып, кызды эл алдына алып чыгышты. Андан соң Назира Жетигенованын кудагыйы келининин кулагына сөйкө салып, кулдук урду.
Куудул кызын турмушка узатканына ичи ачышып жатканын айтып, көзүнө жаш алды.
"Тогуз ай көтөрүп, чоңойтуп, бой жеткенден кийин башка бүлөгө берип коюу оңой эмес экен. Өзүм мындай тойдун канчасын алып бардым. Ошондо апалар ыйласа эмнеге ыйлап жатат деп таң калчумун. Көрсө бул сүйүнүчтүн ыйы экен", - дейт ал.
Аталган тойдон жасалган видеорепортажды SUPER TV бөлүмүнөн көрө аласыздар.