Нарында унаа оодарылып бир адам каза болуп, дагы бири ооруканага жеткирилди

Нарын облусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, дагы бири жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-сентябрга караган түнү саат 00:15те Чаек-Кочкор унаа жолунда, тактап айтканда, Байзак айылына жакын жерде болгон.

"Ауди-100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарган. Жабыркаган жаран райондук ооруканага жаткырылган. Ал эми каза болгон жарандын жансыз денеси ошол эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан