Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 7, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абадда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагындагы Ынтымак айылында чайканадан өрт чыкты. Анда “Аскар” чайканасынын жер төлөсүнүн 24 чарчы метр аянты, 4 стол, 6 отургуч жана отун күйгөн. Ошондой эле Нариман айыл аймагынын Жийделик айылындагы “Сары-Челек” чайканасынын ашканасында 1 электр плитасы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.