Москвада "кызды зордуктаган" деген шек менен Кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кыз зордукталган жерден Кыргыз жаранына тиешелүү паспорт жана китеп табылган. Окуя Тимирязев районунун аймагында 24-сентябрга караган түнү орун алган. Полицияга арыз менен соода борборлорунун биринде сатуучу болуп иштеген 1991-жылы туулган кыз кайрылган. Анда ал жумуштан чыгып "Петровско-Разумовская" метросу тарапка кетип баратканда азиат түспөлүндөгү адам аны узатып коюуну суранган. Кийин жарым жолдон ал жабырлануучуга күч колдонуп зордуктап, анын iPhone 6 үлгүсүндөгү телефонун, сөйкө, шакек жана браслетин алып, изин жашырып кеткенин билдирген.
"Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери сыранын идиштерин, жабырлануучунун ич кийимин, Улуу Британиянын жазуучусу Уинстон Черчиллдин чыгармасы жазылган китепти жана кылмышка шектүүнүн капчыгын (ичинде 29 жаштагы Кыргыз жаранына таандык паспорт жана ага тиешелүү документтер болгон) табышкан. Учурда кылмышка шектүүгө издөө жарыяланды", - деп жазылат маалыматта.