Кечээ, 26-сентябрда Кыргыз кинематографисттер уюму өлкөнүн атынан "Оскар" сыйлыгына катыша турган тасманы аныкташты. Бул тууралуу режиссёр Темир Бирназаров SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, "Оскар" киносыйлыгына катышуу үчүн "Түнкү кырсык" жана "Дарак ыры" тасмалары көрсөтүлүп, жыйынтыгында Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы көп добушка ээ болгон.
"Баарына белгилүү болгондой, "Оскар" - америкалыктардын улуттук киносыйлыгы. Бирок жыл сайын "Эң мыкты чет элдик тасма" деген наамына дүйнөнүн ар бир мамлекети өз кинолорун сунушташат. Алардын арасынан алгач 90 тасма тандалат. Кийин анын ичинен 9 эң мыкты делген фильм калып, алардын бири жеңүүчү аталат", - дейт ал.
Белгилей кетсек, "Оскар" - кино жаатындагы мыктыларды аныктаган америкалыктардын улуттук сыйлыгы. Анда "Эң мыкты чет элдик тасма" наамы да көрсөтүлгөндүктөн, жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү өз тасмаларын катыштыруу үчүн кат жолдошот.