Бишкекте адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенге шектелип орусиялык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрга караган түнү саат 3:00дөр чамасында Бишкектеги Жибек Жолу жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштагы кишини унаа сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин суутуп кеткен.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошо эле күнү Мерседес-Бенц 320 үлгүсүндөгү унаа Чүй облусунун Озёрное айылынын аймагынан табылган. Ал эми 25-сентябрда унаанын айдоочусу - кылмышка шектүү, 1993-жылы туулган К.С. аттуу адам Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында кармалган.
Кылмышка шектүү Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, иш тергөө органдарына өткөрүп берилген.