Бишкек-Ош унаа жолунда 6 жаштагы баланы жол тандабас унаасы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда ал изделип жатканын Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы, кечээ, 27-сентябрь күнү саат 18:50 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр аймагында болгон.
"Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын 6 жаштагы тургуну А.Н.ны белгисиз айдоочу Тойота-Прадо үлгүсүндөгү ак түстөгү жол тандабас менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын натыйжасында бала окуя болгон жерден каза болгон. Ош ОИИБинин жана Кара-Суу РИИБинин ыкчам кызматкерлери жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан унаа изделүүдө. Ош облусунун аймагында "Курчоо" иш мерчеми киргизилип, шаар жана райондордун кире бериш жана чыга бериш жерлерине блок посттор коюлду", - деди басма сөз кызматкери.