Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова бүгүн, 28-сентябрда 62 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип буларга токтолду.
"Туулган күндү белгилегенди көп жактырбаган адаммын. Анткени өзүбүз күндө майрамда эле жүрөбүз. Биздин жумуш менен жашоонун шаңына шаң кошуп, элдин жакшылыгында жүргөндөн уламбы, айтор, жантыгынан жата калып туулган күн өткөрүүнү жактырбайм. Башынан эле кандай болсо, ошондой тосом. Ушул жашка чыкканга чейин кээде чет мамлекетте өткөрсөм, кээде жолдо, белде өтүп калат. Ал эми бүгүн болсо балдарыма дагы куттуктап келбегиле деп эскертип, Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата Кочкор районуна кетем деп койгом. Бирок бүгүн кесиптештерим туулган күнүм экенин билишет экен, ошондуктан бүгүн бул жакта болуп, маараке башталганда, тагыраагы, эртең келиңиз деп уруксат беришти. Ал эми бүгүн балдарым, неберелерим, курбу-курдаштарым менен туулган күнүмдү белгилейм го (күлүп)".
Ал эми ырчы балалык күндөрүн эстеп, ата-энесине, туулган айылына болгон кусалыгын айтып, буларга токтолду.
"Туулган күн дегенде азыркы жашымда саресеп салып көрсөм эң биринчи жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме ыраазы болом. Эл сыяктуу ата-энемди көрүп эсимде кала тургандай окуя болгон эмес. Себеп дегенде, атамдан 2 жарым жашымда айрылгам. Ошондой болсо да бирөөлөрдөн ата-энең жөнүндө 2 ооз сөз уксаң, абдан ыраазы болот экенсиң. Ал эми энемди көрүп калдым, ал 9 жашымда бул дүйнөдөн өтүп кетти. Энем абдан шайыр, сулуу, аябай тиричилик кылып, жаны тынбаган жан эле, анын элеси көз алдымда кала берди. Чачы узун ушундай бир аял эле да. Ошолордун баарын түндө эстеп отуруп, кеч болгонуна карабай социалдык тармактардын бириндеги баракчама жазып койдум. Балалык күндөрдү эстейт экенсиң, айылыңды, элиңди сагынат экенсиң. Кыскасы элде, журтта болгон жакшылыкты, тынчтыкты тилеп калат экенсиң. Азыркы жашымда өзүмдү ойлобойм, мекенибизде болуп жаткан жакшылыктарды, жакшы кишинин жакшылыгы болуп жатса ошого сүйүнөм, жакшы адамдар менен жолугушуп калсам ага сүйүнөм. Жакшы кебибизди аябашыбыз керек экен, көзүбүз тирүү турганда өзүбүздү дагы, жан-жакабызды, дегеле жалпы элиме жакшылык каалап турган учурум". Ырчы 1956-жылы 28-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн. Мектептеги окуусун ийгиликтүү аяктаган соң 1973-жылдан баштап Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштап, райондук, облустук сынактарга катышып, тар чөйрөгө тааныла баштаган.
Турмушка чыккандан кийин 1974-жылдан тартып Талас облусунун Кара-Буура районунда жашап, 1975-жылдан баштап Кара-Буура райондук маданият үйүнүн алдындагы "Жылдыз" ыр-бий элдик тобунда ырчы, маданий методист катары эмгек жолун уланткан.
1983-жылы Польша мамлекетинде өткөн эл аралык фестивалга СССРдин атынан "Жылдыз" ансамбли катышып, 2-орунду жеңип, "Күмүш балта" сыйлыгына ээ болушкан. Так ушул фестивалда Саламат Садыкова комуздун коштоосунда Б.Эгинчиевдин "Кызыл гүл" аттуу ырын аткарып, солист катары эл аралык сахнага алгачкы кадамын таштаган.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Кыргыз Эл артисти, 2004-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.
Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
Ырчы тууралуу кызыктуу фактылар:
28-сентябрга карата жылнаама.