Ош облусунун Кара-Суу районунда милициядан качып, "жүгөрү талаасына жашынган" делген автоматчан кылмышкерди издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Кылмышкер кармала элек, учурда издөө иштери улантылууда. Кылмышкер тууралуу багыттык маалымат өлкө аймагы боюнча таратылды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.
Жылдызбек Бекмурзаев өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.