Чек ара кызматкерлеринин согуш майданына кылмышкерлерди жиберүүгө жардам беришкени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү согуш майданына Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарын жиберип турганы аныкталган.
Мыйзамсыз иштер Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, кылмыштуу топтун мүчөлөрү О.Н. жана Ш.Н. тараптан Мамлекеттик чек ара кызматкерлери С.М., К.А. жана А.О.нун жардамы менен ишке ашырылган. Алар издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө мамлекеттик чек араны кесип өткөндүгү тууралуу штамп койдуруп берип турушкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында мындай 7 факт аныкталып, дагы 10 факт текшерилип жатат.
2018-жылдын 4-сентябрында чек ара кызматкери С.М. коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүнө кыргыз аймагына киргендиги тууралуу штамп коюп берип жаткан учурда кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле билдирүүдө бул фактылардын негизинде бир нече кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги кошумчаланган. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.