Америкалык ырчы Кристина Агилера 10 жылдык тыныгуудан соң сахнага кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ырчы Майами шаарында жеке концертин берип, эми гастролдук турне менен АКШнын шаарларын түрө кыдыра турганын айткан.
"Эмнеге 10 жылдан бери тыныгууда жүргөнүмдүн себеби бар. Мен эне болдум. Балдарым мен үчүн карьера эмес, алар кымбат турарын билишин кааладым. Эми алар чоңоюшту. Сахнага кайта турган убагым келди. Мен силерди абдан сагындым", - деген ал концерт учурунда.
Айта кетсек, Кристина Агилера мындан 10 жыл мурун сахнадан кеткен. Андан бери жолдошу Жордан Брэтман менен ажырашып, учурда Мэтт Ратлер менен жарандык никеде жашап келет. Ырчынын биринчи жолдошунан уулу бар болсо, экинчисинен кыздуу болгон.