Кыргыз жерине курал алып кирүүгө аракет кылган Казак жараны кармалды

Кыргыз жерине курал алып кирүүгө аракет кылган Казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Каркыра-автожол" чек ара пунктунан 38 жаштагы И.Н. аттуу Казак жаранынын унаасын текшерүүдө WS 401 USA үлгүсүндөгү 4,5 миллиметр калибрдеги тапанча табылган. Ошондой эле анын аталган тапанчаны алып жүрүүгө уруксат кагазы жок болгон. Мындан улам тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран аймактык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2018-09-28 20:13:41
Уят болбогула кыргызбайлар. Бул куралга кирбейт. Дульная энергия 3джоульга жетпейт. Айтылып тургандай калибр 4.5мм , дэ 3дж чейинки пистолет, же пневматикалык курал уруксат кагазы жок эле көтөрүп жүрсө болот. Эң негизгиси 18 жашка толгон болуш керек.
+1
Rifle_I
2018-09-28 20:15:56
"Курал тууралуу законду" бир окуп койгула.

Мен Москвадан мындан жакшыларын алып келгем. СВД А&К, SR25 A&K , AK74 LCT дегендерин. Калибр 6мм эле. Эч ким тийишкен эмес. Алматы аркылуу келгем бир жолу Москвадан. Законду таможенниктер билбесе, анда жерге урулуш керек.
+1
nuru95kg
2018-10-03 22:22:03
)))))))))))
0
nuru95kg
2018-10-03 22:22:49
маалыматтар баргансайын маанисиз анан кулкумуштуу болуп жатат)))))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан