"Манас" аэропортунан Тажикстандын жасалма паспорту менен Кыргыз жерине учуп келген адам кармалды

Жасалма паспорт менен Кыргыз жерине учуп келген Тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн, 28-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунун көзөмөлдөп өткөрүүчү жайынан жасалма паспорт менен өлкөгө кирүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды. "Манас" эл аралык аэропортуна Стамбул-Бишкек каттамынын 348-рейси менен учуп келген жарандарга паспорттук көзөмөл жүргүзүү учурунда чек ара кызматкерлери 33 жаштагы Б.Х. аттуу Тажикстандын жаранына тиешелүү паспорт толугу менен жасалма экенин аныкташкан. Бул фактынын негизинде Тажик жараны кармалып, тиешелүү документтер толтурулгандан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан