Жактоочу: "Бишкекте 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголбой жатат"

Бишкекте 13 жаштагы зордукталган кыздын иши каралбай, ал бир нече жолу өз өмүрүн кыюуга аракеттенген. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG'ге жабырлануучу тараптын жактоочусу Арман Кыйгырова билдирди.

"Окуя 2016-жылы Бишкектеги соода борборлорунун биринин дааратканасында болгон. Ошондо жабырлануучу кыз 13 жашта гана болчу. Бул окуя болгонуна арадан 2 жыл убакыт өттү. Жабырлануучу кыз ага кордук көрсөткөн жигит жазаланбаганына ызаланып, бир нече жолу өз өмүрүн кыюуга аракеттенген. Милицияга бир канча жолу арыз менен кайрылганбыз. Иш ордунан жылбаганынан маалымат жыйынын да өткөргөнбүз, бирок бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши козголбой жатат", - деди жактоочу.

Жактоочунун айтымында, 11-сентябрда бул окуя тууралуу маалымат жыйын өткөрүлгөндөн кийин жабырлануучу тарап ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына чакырылган. Аталган башкармалыктын жетекчиси иш каралып жаткан Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басарын чакырып бул факт боюнча кылмыш иши козголушу керектигин айткан.

"Бул жолугушуудан киийн 10 күн өтүп, мен башкармалыктын жетекчисине телефон чалдым. Ишти карап жаткан жаңы тергөөчү бир нече күндөн бери телефонун албай жатканын айттым. Ал 26-сентябрга чейин күтө тургула, эгер алар кылмыш ишин козгобосо иш Бишкек ШИИББине өтөт деп айткан. Бирок дале дайын жок", - деп кошумчалады Кыйгырова.

Эске салсак, Ысык-Көлдө лагерде эс алып келген кыз Бишкекке келгенден кийин ал жакта таанышкан кыздар-балдар менен чогуу кинотеатрга барган. Кино башталган соң 15 мүнөттөн кийин кыз үстүнө шире төгүп алып, колун жууганга чыккан. Артынан кылмышка шектүү кирип күч колдонуу менен аны дааратканадан зордуктаган. Кийин кызды коркутуп, эч кимге айтпоону билдирген. Кыз коркуп эч кимге айткан эмес. Кийин кыздын апасы анын денесинде лезвие менен тилинген жазууларды көрүп аны суракка алган. Кыз окуя тууралуу айтып берген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Тергөөчү кылмыш ишин козгоодон 3 ирет баш тарткан.

SUPER.KG порталы бул боюнча экинчи тараптын да билдирүүсүн угуп, жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан