Бишкекте бала бакчада иштеген эркек киши 5 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасады делген окуя: Бала бакча бүгүн иштеген жок

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкектеги менчик бала бакчалардын биринде иштеген 32 жаштагы эркек киши 5 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасагандыгы маалымдалган. Андан кийин толугураак маалымат алуу үчүн окуя катталды делген бала бакчанын дарегине барып, мекеме бүгүн иштебегенин билип кайттык.

Маалым болгондой, бала бакча катары турак үй пайдаланылып жаткан. Анын жанындагы коңшулардын айтымында, мындан 1-2 күн мурун эле бала бакча иштеп жаткан. Кийин анын сыртында илинип турган баннерлердин баары сыйрылып, жабылып калган. Анда алынбай калган жарнактын биринде көрсөтүлгөн номерге байланышып, маалымат сураганыбызда "Мен азыр бошобой жатам, кийин байланышка чыгам" деген аялдын жообун уктук. Бирок кийин ар кандай жооптордон улам, бакчанын кызматкерлери, жетекчилиги менен жолугушууга, комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gaibilla
2018-09-29 10:07:52
Мындай арам бала бакчаларды жаап эле салганы туура.
0
nurhan2702
2018-09-29 18:25:01
Эркек адам бала бакчада ким болуп иштечу экен озу .Тан калычтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан