Канадалык ырчы Аврил Лавин 5 жылга созулган дарылануудан соң кайрадан чыгармачылыкка кайтты

Канадалык ырчы Аврил Лавин 5 жылга созулган дарылануудан соң кайрадан чыгармачылыкка кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ырчы кечээ, 27-сентябрда "Head Above Water" аталышындагы чыгармасынын клибин жарыялады. Видео бир сааттын ичинде 2 миллион кароо топтогон. Лавин аталган чыгармасын өзүнө окшош лайма оорусуна кабылган адамдарга арнаган.

"Акыркы 5 жыл менин жашоомдогу эң оор убакыт болду. Азыр ал күндөрдү такыр эстегим келбейт", - деген ал.

Айта кетсек, лайма - бул кенеден жуккан ден соолукка кооптуу жана жугуштуу оору. Кене денеге жабышкан соң канды сорууга ыңгайлуу жерди издейт. Жакшы көргөн жерлери: моюн, көкүрөк, баш, кулак, колтук жана жука чурай. Кене тиштүү тумшугу менен терини тешип, ал жерге жабышып алат. Канды соргон учурда жарага түшкөн шилекейи аркылуу вирус жугат.

Avril Lavigne - Head Above Water
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан