Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын кызматкерин сабаган айдоочу 20 күнгө камакка алынып, №1-СИЗОго которулду

Бишкекте унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алган айдоочунун баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен ал 20 күнгө камакка алынып, №1-СИЗОго которулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз өкүлү Мира Абдылдаева билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочунун баш коргоо чарасын Свердлов райондук соту карап чыгып, аны 20 күнгө СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды. Айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон, ал 26-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эске салсак, 25-сентябрда интернетке Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын жумушчусун айдоочунун уруп, тепкен видеосу тараган. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Shabi
2018-09-29 12:13:35
Сабалган адамга эч кандай компенсация толотуп бербейби
+10
Dembele84
2018-09-29 12:55:59
Эми озуно келип чыгат турмодон ал керсейген чанач!!!
+15
Askarbek15
2018-09-29 12:57:04
Аллах жазанды берсин алсызга кол которгон онолбойт
+10
Muslim_KGstana.
2018-09-29 13:06:50
ихууу
+1
bond02
2018-09-29 13:33:25
Туура чечим, улууларды урматтоо керек.
+8
Totyua.71.
2018-09-29 14:05:19
Туура болгон,антпесе чоң муштумдардын заманны болуп бараткандай..
+11
Bolunbo.kyrgyz
2018-09-29 16:29:17
Негизи милиция болбосо ушундай малекулалар кобойуп кетишет кутуруп кетебиз милиция керек бизге
+1
talaa11
2018-09-29 19:10:49
Бир жылга камасанар болмок анан мурдунун Курту тушуп чыгат эле,мындай бейбаштарга катуурак чара корбосо жыл санап осуудо мындай бейбаштык
+3
4ika1989
2018-09-29 21:20:22
Дааа.... Ойлонуп көрсөң туура кылыптыр камап,мындай адамдарга жоська наказать этиш керек, экинчи кайталабагыс болот көргөн адамдар, бирок өкүнүчтүү жагы мыйзам баарына бирдей эместиги көрүнүп турат, балким айып салса болмок, мындан да оор кылмышкерлер жүрбөйбү, эх биздин СОТТООЧУЛАР, аман эле болсунчу.
0
Koichuman
2018-09-29 22:20:22
Материальный конпенцассия толошут керек болчу.Башка ушуга окшогондорго сабак болду.
+1
Matahara1980
2018-09-29 23:04:39
Абдан жакшы кылыптырсынар камап ушул акмакты, турмодон токмок жеп чыксын эми озунон кичуулордон, жашоо бумеранг дейт
+1
Malik92
2018-09-30 07:22:26
Зере деген кызды өлтүрөм деп коркуткан патриоттор,кана өлтүрөм деп ушул чаначты да коркутуп койгулачы.
+1
djantaliev.mambetkaly
2018-10-01 18:58:16
Сабырдуу болуу керек болуучу ,өзүңө өзүң тилеп алдың
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан