Колу чирип каза болгон 8 жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү иш-аракеттер кызуу жүрүүдө. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык укуктук баа берилет", - деп билдиришти облустук милициядан.
Айта кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 8 жашар кыз оор абалда келип түшкөнүн билдирген. Ал маалда кыздын колу чирий баштаган. Дарыгерлер дароо операция жасап, кыздын колун кесишкен. Кыздын абалы турукташканы менен, 10-сентябрь күнү таңга маал көз жумган. Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлгөн. Дарыгер "Биринчи жардамды көрсөткөндө ишимди так аткаргам, бирок кысып салган деп күнөөлөп жатышат" деп билдирген эле.