Индонезияда жер титирөөдөн кийинки цунамиден каза болгон адамдардын саны 400гө чукулдады. Ошондой эле кырсыктан жүздөгөн адам жабыркап ооруканага жеткирилгенин куткаруу кызматтарынын маалыматтарына таянып 29-сентябрда жергиликтүү ЖМКлар жазууда.
Индонезияда 28-сентябрь күнү күчү 5,8, 6,1 жана 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын натыйжасында Сулавеси аралында цунами катталып, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 2 метрге чейин жеткен.
"Кырсыктын кесепетинен каза тапкандардын саны 400 адамга жакындады. Жүздөгөн жабырлануучулар ооруканаларга жеткирилди. Биринчи жер титирөөдө катталган цунами аралга жеткиче эки жолу жер силкинген, биринчисинде 6,1 балл, ал эми экинчи жолу 7,5 баллга жеткен. Цунами турак жайларды, мечитти кыйратты, көчөлөрдү турак жайлардан агылып чыккан эмеректер каптады. Көптөгөн адамдар дайынсыз болууда. Каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.