Санкт-Петербургда сүйлөшкөн кызын 16-кабаттан ыргытып жиберген өзбекстандык жаран кармалды

Санкт-Петербург шаарында 23 жаштагы сүйлөшкөн кызын 16-кабаттан ыргытып жиберген өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя ушул жылдын 16-апрелинде болгон. Маркум Латышские Стрелки көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 16-кабатында жашаган. Ал батиринде жигити урушуп кеткенде, жигити кызды аны бир нече жолу башка чаап, андан кийин аны айнектен ыргытып жиберген. Оор жаракаттардан улам кыз окуя болгон жерден жан берген.

"Издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда ага кылмыш иши козголуп, камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
TalaCSKA
2018-09-30 13:11:49
Шумдугун кургур эмне деген мыкаачылык !!!
+5
interpol
2018-09-30 13:17:14
Сүйлөшкөн кызы кыргыз эмес бекен?
+1
Kgda
2018-09-30 17:10:38
interpol, ким болмок эле анан кыргызда, бир эле кыргыз кыздар азыр Россияда ходовой товар.
-7
Rifle_I
2018-09-30 22:12:19
Kgda,ходовой, одноразовый эмеспи ?
-2
Kulatov
2018-09-30 22:27:40
Kgda,табаа эмес тообо дегиле силердин да эже карындашыңар бар
+4
tular
2018-10-01 08:49:29
Kulatov, ошол кыздарыбызды коргой албаган биз эркектер, жана ата-энелер куноолуу.
0
bibi87
2018-09-30 14:00:28
Ошо кыз жонундо эмнеге маалымат жок?
0
Gulnyr19
2018-09-30 14:51:48
Апрелде болуптурго
0
monster_high_98
2018-09-30 14:52:44
Кыянаттыктан алысыраак болуш керек кыздар,анан да психтер менен лучше суйлошпогуло
+1
Sagyn.91
2018-09-30 15:17:23
Жакшы Кыргызстандык эмес экен!

0
guli-1980
2018-10-01 01:06:38
апрелдегини эми жазып атасынар ы
-1
Arman7
2018-10-01 13:13:26
Жигити экообу эмне кылып жатат бир квартирада.Оздору болгону кыз-жигит уйлонуп алгандай жашашат баары эмес кээ бироолор.Чыдабай болбой кетип жатсанар дагы кичичне сабыр кылсанар уйлонгондон кийин каалашынарча боло турган нерсего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан