Бүгүн кытай улутундагы америкалык белгилүү актёр, продюсер, режиссёр, модель жана согуш өнөрүнүн чебери Дэниел Ву 44 жашка чыкты. Ал 1974-жылы 30-сентябрда АКШнын Калифорния штатынын Беркли шаарында төрөлгөн.
Атасы Жорж - пенсия курагындагы инженер, апасы Диана колледжде профессор болгон. Жорж 1949-жылкы Кытайдагы коммунисттик төңкөрүштөн кийин Шанхайдан АКШга көчүп барып, Нью-Йорктон Дэниелдин апасын жолуктурат. Экөө үйлөнгөндөн кийин Калифорния штатында жашап калышкан.
Вунун Грета, Глория аттуу эжелери бар. Дэниел кичинекей кезинен тарта "Шаолиндин храмы" тасмасындагы Жет Лини көрүп согуш өнөрүнө болгон кызыгуусу артат. 11 жашында спорттун ушу түрү менен машыга баштаган. Ал эми бала чагынан тарта Жеки Чандан үлгү алып жана ал азыр Вуну өз баласы катары көрөт.
Кесиби боюнча архитектор болгон Ву университетте окуп жүрүп спорттун ушу түрү боюнча клуб ачып, анда өзү машыктыруучулук кылган. Ошол эле учурда кино-класстарга, ал эми Акира Куросава, Люк Бессон сыяктуу режиссёрлордун тасмаларын көрүү үчүн театрга тез-тез барып турган.
Университетти аяктагандан кийин 1997-жылы Ву Гонконгго барып, эжесинин кеңеши менен модель катары иштей баштайт.
4 ай өткөндөн кийин кытайлык режиссёр Йонфан Вуну метронун бекетинен жарнамалык кийиминде актёрдук талантын байкап калып өзүнүн жаңы тасмасында башкы ролду ойноону сунуштаган.
Гонконгдук мыкты режиссёрлордун тасмаларында олуттуу образдарды жаратууга сунуш алып, тез эле атактуулукка жетишет.
2004-жылы "Полиция кызматкеринин жаңы окуясы" ("Новая полицейская история") аттуу фильмде кытайлык актёр жана устаты Жеки Чанга каршы терс каармандын ролун жаратат. Анда Ву Жо Квон аттуу беш кишиден турган уюшкан кылмыштуу топтун лидери болуу менен, полиция кызматкерлерин аёосуз өлтүрүп, кинонун аягында атасынын көз алдында каза болот. Аталган тасма көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып бир нече жолу кинофестивалдарда мыкты кино аталган. 2005-жылы 24-ирет уюштурулган Гонконг киносыйлыгынын "Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу" наамын жеңип алган. Ошол эле жылы "Алтын ат" кинопремиясынын "экинчи пландагы эркектин мыкты ролу" наамын багындырган.
Жеке жашоосу
2001-жылга чейин Ву актриса Мэгги Кью (Maggie Q) менен кыз-жигит катары жүрүп, бирок экөөнүн мамилеси кийинки этапка өткөн эмес. Анткен менен Дэниел мурунку мамилесин унута албай, гонконгдук режиссёр Чэн Сяодундун "Суурулган кылыч" тасмасында Мэггинин жигитинин образын эң сонун ачып берген.
Дэниел Ву 2010-жылы 6-апрелде актриса, модель жана виджей Лиза Селеснерге Африкада үйлөнгөн. Түгөйлөр 2013-жылы 2-июнда Рэйвен аттуу кыздуу болушкан.
Вунун Гонконг, Шанхай жана Пекин шаарларында кыймылсыз мүлктөрү бар. Ал ушу боюнча чеберчилигин арттыруу менен бүгүнкү күнгө чейин алектенип келет.
Актёр тасма талаасында 60ка жакын ролду өз ийине жеткире аткаруу менен кино жаатында болуп көрбөгөндөй ийгилик жарата алган.
2012-жылы "Кудайдын курал-жарагы: Жылдыздар миссиясы" тасмасында ийгиликтүү образ жаратса, ошол эле жылы "Темир муштум" тасмасында роль жараткан.
2015-жылы "Өлүмдүн чөлүндө", 2016-жылы "Жашоо күрөшү" фильмдерине тартылган.
Ошондой эле Ву катышкан "Томб Райдер: Лара Крофт" аталышындагы тасма 2018-жылы көрүүчүлөргө сунушталды.
30-сентябрга карата жылнаама.