Ош-Москва аба каттамы менен уча турган учактын дөңгөлөгү жарылып рейс 9 саатка кармалды. Москвадан түндө келе турган жүргүнчүлөр келе элек

Кечээ, 30-сентябрда Ош-Москва аба каттамы менен уча турган учактын дөңгөлөгү жарылып, рейс 9 саатка кармалды. Натыйжада эртең менен саат 8:30да 147 жүргүнчүсү менен уча турган учак саат 17:54тө кеткен. Мунун кесепетинен түнкү рейс бүгүнкү күнгө жылган.

SUPER.KG порталына Москва-Ош аба каттамы менен келе турган жүргүнчү билдиргендей, бул кырсыктын айынан Москва шаарынан келе турган учак да 8-9 саатка кармалган. Натыйжада 100 жүргүнчү аэропортто мекенине кайтуу үчүн өз рейсин күтүүгө аргасыз болушкан.

"Ош" эл аралык аэропортунан маалымдашкандай, кечээги окуядан кийин Москва-Ош багыты менен келе турган кечки рейс эртең мененки убакытка жылдырылган. “Москва-Ош каттамы менен кечээ саат 22:35те уча турган рейс эртең менен саат 6:30га которулган. 1 сааттын ичинде "Ош" эл аралык аэропортуна келип конушу керек”, - деп билдиришти "Ош" эл аралык аэропортунан.

Эске салсак, кечээ, 30-сентябрда саат 8:30да Ош-Москва аба каттамы менен уча турган Boeing 737 үлгүсүндөгү учактын алдыңкы шассисиндеги дөңгөлөк жарылып, учак токтотулган. Жүргүнчүлөрдү Москвага жеткирүү үчүн Бишкектен учак жөнөтүлүп, 9 сааттык кармоодон кийин учак абага көтөрүлгөн. Окуяны жеринен иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, атайын инспектор кеткен.

Оштон Москвага багыт алган учактын дөңгөлөгү жарылып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalay25
2018-10-01 09:09:54
Дагы АвиаТраффикби
0
KUMKA
2018-10-01 09:15:44
Трафик менен учпай эле койгулачы бай болгурлар...
0
kentavr
2018-10-01 11:05:57
Ошко нормальный учак барбайт окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан