SUPER TV`нын “Жылдыздар кесибин алмаштырат” рубрикасынын кезектеги темасы автоунааларга байланыштуу. Берүүнүн буга чейинки каарманы ырчы Чолпон Талипбек кийинки катышуучуга унаа жуучу жайга барып унаа жуусун деген тапшырма калтырган эле. Бул тапшырманы “Жебе” тобунун солисти Кумар Сагынов аткарды.
"Негизи мен жер үйдө жашап жүргөндүктөн унаамды өзүм эле жууп алчумун. Анан унаа жуучу жайларды иштеткен досторум бар. Ошол жакка барып акысыз жуудуруп алган күндөрүм болот. Унаанын жуулушу боюнча көп нааразычылык айта бербейм. Отурган жериң, панелдер таза болсо болду", - деген ырчы жогоруда айтылган тапшырманы канчалык деңгээлде так аткара алды, видеоматериалдан көрүңүз.