Нарын дарыясына чөгүп кеткен 5 балыкчыны издөө уланууда

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында сууга чөгүп кеткен 5 балыкчыны издөө иштери бүгүн, 5-июлда улантылып жатканын ӨКМ билдирди. Айта кетсек, 2-июлда Нарын дарыясында балык уулап жүргөн 6 жаран сууга кулап, алардын бири куткарылып калган болчу. 4-июлда издөөгө Жалал-Абад облусундагы аталган министрликтин куткаруучулары, Бишкектен барган 10 куткаруучу, жоголгон жарандардын жакындары катышкан, бирок жыйынтык чыкпады. Ал күнү Казарман айылына облус башчы Жусубалы Төрөмаматов барып, изделип жаткандардын жакындары менен жолугушту жана издөө аракеттери менен таанышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kemel81
2013-07-05 13:46:58
Бешоо болчу го кече эле. Же булар башкабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан