УКМК: "Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилүүчү батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн"

Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери жана турак жай комиссиясынын мүчөлөрү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга батир берүүдө мыйзам бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факты буга чейин козголгон кылмыш иши тергелип жаткан учурда аныкталган. Анда 2017-жылы Ош мэринин токтому менен “Анар” кичи районунда көп кабаттуу үйдө 66 батир ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бөлүнүп берилген.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө 8 адамга берилген кыймылсыз мүлкү жок экендигин тастыктоочу маалым каты жасалма болгон. Ошондой эле 32 жаран батир алганга чейин Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан менчик турак жайларында жашап келишкен. Муну менен катар 9 адам 3-топтогу майыптыгы менен батирди мыйзамсыз алышкан. Турак жай кодексине ылайык 1 жана 2-топтогу майыптар гана кезексиз батир алуу укугуна ээ.

Учурда бул факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-берененин 2-бөлүгү (кызматтык жасалмалуулук) боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KyrgyzstanBishkek
2018-10-01 13:36:21
Органдар эми иштеп атат.
+3
nurbek56
2018-10-01 13:46:54
текшериш керек. Мен 1.чи топтогу инвалидмин 2014.жылдан бери турак жай маселесинде кайрылбаган жерим калбады. Уйлонгом келинчегим экообуз Бишкекте эптеп салынган квартирада турабыз айына 2.минден толоп бизге окшогондорду бийликтегилердин козу корбойт кулагы укпайт акчалуулар танышы барлар гана алат
+3
Dembele84
2018-10-01 14:02:47
2017-жылы А.Кадырбаев мэр болуп турганда болгон иш экен.Азыркы убакта ал онор жай энергетика боюнча зам министрликке которулган.Ошко жаны уйлор курулганы менен копчулугу акчага сатылып кеткен,инвалиддерге берилбей.Эми ошонун аягына чыгып,тиешеси барларды жоопко тарткыла!
+4
titanik32
2018-10-01 15:50:33
Кана жанакы мер Оштун кара Айтмамаматты Бишкекте бекитбей алып келип сурак кылгыла.Айтмаматтын кооооп былык иштери бар,эмне үчүн аны суракка албай жатат дейим да.
+2
Nazar76
2018-10-01 18:09:11
titanik32,Айтмамат шайлоодо сокени колдоп иштеп койгон ошого
0
interpol
2018-10-01 18:19:38
Кыргызстан ушунчалык ашмалтай, корупсия өтө өнүккөн жемкорлуктун жеткен чегине жетип калган өлкөгө айланып калган экенбизда. АШАнын убагында айрыкча эң начар заман болду.
0
patiydin
2018-10-02 09:39:45
Айланайндар! Олкодо жебеген жер калганбы? Кайга барсан коррупция!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан