Тажикстанда жол кырсыгынан 7 этникалык кыргыз каза болду

Тажикстандын Лахш районунда (мурдагы Жерге-Тал районунда) жол кырсыгынан 7 адам каза болгонун жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети маалымат таратты. Кийинчерээк жергиликтүү Озоди Тажик кызматы каза болгон 7 адам этникалык кыргыздар экенин жазып чыкты. Булардан тышкары дагы беш жаран жаракат алган.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 30-сентябрь күнү саат 19:30 чамасында орун алган.

Жүк ташуучу ЗИЛ үлгүсүндөгү унаада 12 адам болгон. Алар тоодон картошка казып, кайтып келе жатышкан. Айдоочусу Сунатулло Юсупов аттуу адам жүк ташуучу унааны башкара албай, унаа 100-120 метрлик тик жардан ылдый кулап кеткен.

Озоди Тажик кызматы бул жол кырсыгы тууралуу төмөнкүлөрдү жазып чыкты: "Кырсыктан бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон, алардын жаш курагы болжол менен 4 жаштан 45 жашка чейинкилер. Ал эми Тажикстандын Ички иштер министрлиги жол кырсыгынан дагы 5 жаран жаракат алганын, алардын ичинен экөөсү оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын билдирген. Ошондой эле айдоочу да учурда ооруканада жатат".

Маалымат үчүн: Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын көпчүлүгү Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда жашашат. Айрым маалыматтарга караганда, Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын саны 61 миңге жакын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
grace
2018-10-01 17:20:26
Ай байкуштарым... Жандары жаннатта болсун ылайым.
0
Arman7
2018-10-01 17:35:24
(Жакш) деген эмне болду экен
0
Djumahmatov
2018-10-01 20:53:44
Arman7, (жакш) эмес Лахш кылып озгортуп алышыптыр Таджиктер мурда Жерге-тал району болчу кыргызча, азыр Лахш деп таджикке ат койуп алышыптыр
-1
Djumahmatov
2018-10-01 20:51:10
Ким болду экен? Кайсы айыл экен толуктап жазсаныздар жакшы болмок!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан