ЖЫЛНААМА, 2-ОКТЯБРЬ: "Кусалык" аттуу ыры менен таанылган ырчы Айнура Салахидинова 34 жашка чыкты

Бүгүн, 2-октябрда ырчы Айнура Салахидинова 34 жашка толду. Аны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн кантип белгилей турганын айтып берди.

"Бүгүнкү маанайым эң жакшы. Туулган күнүм менен биринчи болуп Орусиядан курбу кызым саат 00:00дө куттуктады. Туулган күнүмдү кечинде жакындарым, курбуларым жана жолдошумдун достору менен белгилейбиз", - дейт ырчы.

Ошондой эле үй-бүлөлүк жана чыгармачылыгындагы төмөнкү жаңылыктары менен бөлүшө кетти:

"Учурда кызымдын кылыктарына тойбой турган кезим. Жакында эле жаңы үйгө көчүп келдик. Ал эми кез-кез чакыруулар боюнча тойлордо ырдап коюп жүрөм. Чыгармачылыгымда буюрса, баары жакшы. Жакында репертуарымдагы "Аяп сүйөм" жана "Кызыма" деген ырларыма клип тарттырып элиме тартуулоо алдында турам".

Белгилей кетсек, кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчы айымдарынын бири Айнура Салахидинова 1984-жылы 2-октябрда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Гүлнара аттуу эжеси бар.

Апасы менен

Ал Кыргыз экономикалык университетинин маданий-эстетикалык борборунун комуз ийриминин көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. Алгач "Кусалык", "Сен жокто" деген аталыштагы ырлары менен эл оозуна алынган.

Жолдошу менен

Айнура Салахидинова "Аядың неге", "Той ыры", "Балама", "Махабат", "Кызыма", "Ак тилек", "Арман", "Чырагым", "Төк жамгыр", "Балалык", "Жигитке", "Ак шоокум", "Сагыныч", "Жаңы жыл" жана башка ушул сыяктуу 40тан ашык ырдын жана 10дон ашык дуэт жана трионун аткаруучусу.

Сахналаш курбулары ырчы Азиза жана Роза Шакирова менен

Ырчы 2014-жылы 15-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

Үй-бүлөсү менен

Үй-бүлөлүү, Дари, Бекхан аттуу эки уулдун жана Айкен аттуу кыздын энеси.

Кызы Айкен менен

2-октябрга карата жылнаама.

Айнура Салахидинова, Роза Шакирова, Азиза - "Шат күндөр"

Айнура Салахидинова - "Махабат"

Айнура Салахидинова - "Балама"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан