Бишкекте 17 жаштагы кызды жеңил унаа сүзүп кетип, ал ооруканага жеткирилди. Бул фактыны SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тастыктады.
Жол кырсыгы бүгүн, 1-октябрь күнү саат 11:40 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү Бишкек гуманитардык университетинин алдында катталган.
"Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа У.А. аттуу студент кызды жөө адамдар өтүүчү жайдан сүзүп кеткен. Жабырлануучу денесинен жаракат алып, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Учурда кыздын абалы туруктуу. Ал эми унаанын айдоочусу кармалып, унаасы айып короосуна токтотулду. Кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп кабарлашты башкармалыктан.