Чек ара, Бажы кызматынын, Ветеринардык инспекциянын кызматкерлери пара менен кармалышты

Чек ара, Бажы кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери пара менен кармалышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 22-сентябрында Кыргыз өлкөсүнүн Аскердик прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча “Кызыл-Кыя-автожол” чек ара пунктунда кызмат өтөп жаткан Мамлекеттик чек ара кызматынын, бажы кызматынын, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши аталган кызматкерлер оор жүк ташуучу унааны Өзбекстандан тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн пара талап кылып жатканын айткан жеке ишкер Ч.И.нин арызынын негизинде козголгон.

29-сентябрда Аскердик прокуратура менен криминалдык милиция кызматы тарабынан 1200 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен бажы кызматынын ага инспектору Э.Ж., 2000 сом пара менен чек ара кызматкери Д.Ж. жана 1000 сом пара менен фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери Т.А. кармалды.

Бардык кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда бул кылмыш ишинин толук жагдайлары иликтенип жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TalaCSKA
2018-10-02 09:26:30
Ага инспектор крутой неме окшойт доллар менен алып. именно коп олчомдо пара алган женил кутулат да мин сом алганы кесилип кетет коросунорго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан