Бишкекте 19 жаштагы кызды сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон министрдин мурдагы орун басарынын уулу кырсык учурунда мас абалында болбогонун, "Корвалол" дарысын ичкенин айтты

Айыпталуучунун кырсык болгон күнү айдап жүргөн унаасыКечээ, 1-октябрда Биринчи Май райондук сотунда ИИМ министринин мурдагы орун басарынын уулу Нурбек Нурбаев сүзүп кеткен 19 жаштагы кыздын окуясы боюнча соттук отурум улантылды.

Соттук кароонун жүрүшүндө Нурбаевдин жактоочусу айыпталуучу окуя болгон түнү спирттик ичимдик ичпегенин жана ал "Корвалол" деген дары ичкенин билдирди. Ошондой эле ал кайрадан соттук экспертиза өткөрүү керектигин кошумчалаганын "Кактус Медиа" басылмасы жазып чыкты.

"Соттук иштин жүрүшүндө эксперттер да көрсөтмө беришти. Алардын айтымында, айыпталуучу ошол түнү мас болгондугун так аныктаган далил болгон эмес. Эксперт, менимче, айыпталуучуну мас деп сырткы көрүнүшүнөн улам сыпаттаган. Медициналык протокол толтурууда да катачылыктар кеткен. Анда Нурбаевдин көзүнүн каректери чоңоюп кеткенин жазышкан, анын жүрүм-турумундагы белгилер анын мас абалда экендигинен кабар бербейт. Ушул себептерден улам, кайрадан комиссиялык экспертиза өткөрүү керек", - деп кошумчалады жактоочу.

Жактоочунун айтымына караганда, толтурулган протоколдо айыпталуучунун сүйлөгөн сөздөрү түшүнүктүү жана жүрүм-туруму орундуу болгон.

Мамлекеттик айыптоочу сотко кайрылып жактоочунун өтүнүчүн канааттандырбоого чакырды.

"Тиешелүү экспертизалардын баары аткарылган. Ошондой эле химиялык экспертиза да өткөрүлгөн. Анда Нурбаевдин канында этил спирти бар экени аныкталган", - деди айыптоочу Асланбек Назырынбеков.

Кеңешме бөлмөсүнөн келген сот Мирлан Термечиков, жактоочунун өтүнүчүн четке кагып, айыпталуучу суракка алынды.

"14-апрель күнү таңкы саат 4 же 5 чамасында мен Чүй кең көчөсү менен чыгыш тарапка кетип бара жаткам. Тоголок Молдо көчөсүнө жетпей, сол тараптан эки унаа токтоп турганын көрдүм. Анда милиция кызматкерлеринин жана БМВ Х-5 үлгүсүндөгү унаалар токтоп турган. Экинчи унаадан кыз түшүп, милиция кызматкерлеринин ортосунан өттү. Мен аны көрдүм, ал жолдун ортосуна чейин жетип, анан токтоп калды. Мен ал токтоп турат деп ойлодум. Ортодогу аралык болжол менен 20 метрдей болгон учурда ал алдыга чуркады, мен рулду буруп кетүүгө аракеттендим. Унааны токтотуп, оң тарапка бурдум, бирок аны сүзүп алдым. Ал унаама урулуп, жерге түштү, мен аны айланып өтүп анан токтодум", - деди айыпталуучу.

Ошондой эле айыпталуучу окуя болгон жерге алгач милиция кызматкерлери келгенин, андан кийин анын эжеси келгенин билдирди. Айтымында, ал өзүнө келүүсү үчүн эжеси "Корвалол" дарысын берген.

"Мен нес абалында болчумун, өзүмдү жоготуп койдум. Мени өзүнө келсин деп эжем дары берди. Ал кыз түз эле басып келе жаткан, мас эмес болчу. Унаада досум бар эле, таңга маал досум менен акча табуу максатында таксист болуп иштей калайын деп чыккам. Мен спирттик ичимдик ичкен эмесмин, болгону бир бөтөлкө алкоголсуз сыра ичкем", - деди айыпталуучу Нурбаев.

Ал эми судьянын химиялык экспертизада эмне себептен этил спирти чыккандыгына айыпталуучу жооп бере алган жок. Тергөө материалдарынын маалыматына ылайык, айыпталуучу күнөөнү моюнуна алган эмес.

Айта кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББинен мас абалындагы 25 жаштагы айдоочу 19 жаштагы кызды 20 метрдей жерге ыргыта сүзүп, кийин тебелеп кеткенин кабарлаган. Жаракат алган кыз ошол жерден каза болгон. Ал эми жол кырсыгы ошол жердеги видеокөзөмөлгө түшүп калган. Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында болгонун аныктаган. Сүзүп алган 25 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу 16-апрелде СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кызды тебелеп кеткен унаанын айдоочусу ички иштер министринин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу экени айтылган. Кийин каза болгон кыздын атасынын арызды кайтарып алганын, ага жабырлануучу тараптын келтирилген чыгымдын баарын төлөп бергени себеп болгону айтылган.

Бишкекте кызды ыргыта сүзүп, үстүнөн тебелетип кеткен айдоочу 2 айга камалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
taalay25
2018-10-02 16:20:30
Жанагы эшек го тепсеп алганы ассынып дагы устунон бир жолу унаасы менен тебеткен акмак
+3
tynara81
2018-10-02 16:31:27
Корвалолду шылтоо кылуу модага айландыбы
+5
bond02
2018-10-02 16:34:59
Корвалол-актануу.
+3
Frunze2
2018-10-02 17:16:17
Эмне, алдаса боло береби?! Кудайдан корксо больойбу калп айтуудан?!!

Биринчиден ылжып мас болгон. Мас болгону учун да ото катуу ылдамдыкта келген. Ал ГАИшниктерди коргону да калп. ГАИшниктерди корсо унаасын акырындатып калмак. Тиги жолдон отуп бара жаткан кызды да коргон эмес. Аны сузгондо эмне болгонун озу да тушунгон эмес. Тебелетип кеткени да ошондон алды-артка айдап...

Эмне учун ошондо наркологиялык борборго барып бир текшертип коюшкан эмес?!
+6
Frunze2
2018-10-02 17:20:31
Каяктагы жок карвоналын айтпай, жомок токубай эркекке окшоп жазасын алсын, апасынын этегине жабышпай туштон кийин..

Таксистмин деп айтканычы... Качан эле зам.министрлердин балдары эл ташып таксовать этип журчу эле?!!

Мас болуп унаа айдап кызды олтуро сузгон. Унаа кандай катуу келгени, сузгону видеокамеоага тушуп калбаса, таптакыр танып кетчу туру бар экен, мен сузбогом деп.....

Эй Соке, олкодо адилеттуулук барбы же жокпу?!!
+8
Frunze2
2018-10-02 17:21:14
Заведемо ложный информация бергени учун адвокатты да соттоо керек.....
+5
titanik32
2018-10-02 18:12:41
Корвалол андан кийин чыкты го,корвалолду Кореяда самолётто чыгарышты окшойт.
+2
nargiz-sa
2018-10-02 18:37:38
Каденова карвалолду таап берип кетиптир да актануучуларга
+4
Дарыгер
2018-10-02 20:08:06
Корвалол ичс5 анын жыты оло сассык. Сразу билинет. Наркологияда иштегендер дароо эле билет. Алкоголдук ичимдик менен корвалолдун айырмасын. Каденова уйротуп Кетти да
+1
tina.kg
2018-10-02 21:32:15
Масбы, мас эмесби, дары пары ичкенби, ичпегенби аны экспертиза кылып аныктаса эле эмне акталып кететби? Мас эмес болсо деле сузуп олтурду адамды камалыш керек
+1
al-abu-kinesz
2018-10-02 22:05:23
ХХХХХХ каным кайнап айтаарга соз таппай калдым. Качанга чейин ушундай кордуктарга, адилетсиздикке чыдап журобуз?!!!? ХХХХХХХХ Сотторго дагы ЖОГОРКУ СОТ бар!
+1
baltabaev
2018-10-03 02:30:31
Не бул чондордун балдары баары эле оорукчан,даари менен эле тамактанып калгансынар,андай десен ата энелери да калышышпайт,капа болбогула чын чычалатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан