Баткенде 37 жаштагы тургундун жансыз денеси жол четиндеги унаадан табылды. Шектүү катары маркумдун айылдашы кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда 37 жаштагы тургун айылдашы тарабынан бычакталып каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-октябрь күнү саат 09:00 чамасында Кадамжай районунун Миң-Чынар айылынын жашоочусу жолдун четинде токтоп турган унаадан белгисиз кишинин жансыз денеси жаткандыгын милицияга билдирген. Бул маалымат боюнча Кадамжай РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 37 жаштагы тургундун денесине белгисиз адам бир нече жолу бычак сайып, киши колдуу каза болгонун аныктаган.

"Кылмышка шектүү катары милиция кызматкерлери аталган айылдын 34 жаштагы тургунун кармашты. Бул факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан