Бишкекте "Импульс" аталышындагы эл аралык театралдык фестиваль өтөт

Бишкек шаарындагы Арсен Умуралиев атындагы шаардык драма театрында V "Импульс" аталышындагы эл аралык театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу театрдын маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль театрдын 25 жылдыгына жана театрдын негиздөөчүсү, актёр Арсен Умуралиевдин 85 жылдыгына карата уюштурулууда.

"Импульс" феcтивалынын негизги максаты - кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, чет элдик театрлар менен кызматташып, тажрыйба топтоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Фестивалдын жыйынтыгында тегерек стол өтүп, талкуу жүрөт. Иш-чара 9-октябрдан 13-октябрга чейин болуп өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан