Индонезияда жер титирөөдөн кийин 1 миң 200 кылмышкер абактан качып кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Юстиция министри Шри Пугу Утаминин билдирүүсүнө таянып жазууда.
Маалыматка ылайык, Сулавеси аралында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө цунаминин болушун шарттап, аралды суу каптаган.
"Мен билем, кылмышкерлер жер титирөөдө аман калыш үчүн гана качып кетишти. Донгалле аймагында жайгашкан абактарда коррупцияга жана баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар боюнча эркинен ажыратылгандар отурган", - деп билдирген министр.
Индонезияда жер титирөө жана цунамиден каза болгондордун саны миңден ашкан. 16 миң 700 адам эвакуацияланса, 2 миллион 400 адам гуманитардык жардамга муктаж болууда.