УКМК менен ИИМ Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ыкчам изилдөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун эки мүчөсүн колго түшүрдү. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 1974-жылы туулган М.О. жана 1993-жылы туулган К.Т. аттуу эки жаран "Халифат" орнотууну көздөп, өздөрүнүн катарына башка жарандарды кошуу менен алектенип жүрүшкөн.
Алардын жашаган үйү тинтүүгө алынып, ал жерден "Хизбут-Тахрир" уюмунун идеологиясы камтылган электрондук жана жазма түрүндө сакталган материалдар табылган.
Учурда кармалган жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинде каралган белгилер менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши улантылууда.