Өзгөндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бараткан аялды айдоочу унаасы менен өлтүрө сүзгөн. Учурда аялдын ким экендиги аныктала элек

Ош облусунун Өзгөн районунда жолдон өтүп бараткан аялды жеңил унаа өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-октябрда, саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 632-чакырымында, тактап айтканда, Куршаб айылынын чыга беришинде катталган.

"Кырсыктан 40-45 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү аял каза болду. Унаа аны жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратканда сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБинин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, шектүү айдоочуну кармашкан. Ал 47 жаштагы Өзгөн районунун тургуну экени аныкталды. Айдоочу аялды Toyota Harrier үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган", - деди маалымат катчы.

Учурда айдоочунун баш коргоо чарасы каралып, унаасы айып аянтына токтотулган. Азырынча маркум аялдын аты-жөнү тактала электигин басма сөз кызматкери кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
plaza85
2018-10-02 18:15:46
Ош облусунун Өзгөн районунда жолдон өтүп бараткан аялды жеңил унаа өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/247429/ супер инфонун журналиси макаланы жазганда кичине абайлап жазсанар. Атайлап олтуро сузгондой жазыпсынар. Макаланы окуганда бир аз ынгайсыз болот экен. (Олтуро деген созунор).
-5
Chagylgan2
2018-10-02 18:24:58
plaza85, атайылап олтуро сузбогондо кандай болуптур окуя?!! Маркум аял пешеход жок жерден кочого чуркап чыга калса экен туну?!!

Пешеход болгон сон акырын айдоо керек, кун болобу, тун болобу?! Куршабдын ичинде саатына 60кмден ашырбай айдоо керек. Пешеходдорго жеткенде ылдамдыкты азайтуу керек. Туну шумахер болуп машинеси менен учкан да, айыл ичинде бара жатканын элес албай... Ошол учун катуу келип олтуро сузгон. Калп болсо айт?!!
+9
plaza85
2018-10-02 20:01:28
Chagylgan2,мен дагы билбейм кандай болгонун. Мен журналисти айтып жатам ал коруп тургандай жазып атат олтуро сузду деп. Эч ким атайлап сузбойт пешеход дагы эки жагын карап журуш керек.
-4
zhenishmyrza
2018-10-02 18:25:48
plaza85, Анан жакшына айдап баратып олтурду деп жазсынбы.бпешеходдон сузуптур. Сузуп алып качып кетиптир.
+4
plaza85
2018-10-02 19:57:49
zhenishmyrza, мен журналисти жазганда олтуро сузуп кетти деп жазып атат ошону айтып атамын
-4
monster_high_98
2018-10-02 22:50:39
plaza85,Ооба чынында жакшылаап окуй келгенде кызыктай окулуп калат,эми журналист "гулдоп"отурбай болгонун болгондой эле жазды да,баш оорутпай эле коюнуз,мындай нерселер коп болоот
+2
Dalil
2018-10-03 07:20:46
plaza85, айдоочу калктуу аймактын ичинде белгиленген ылдамдыктан ашпоого тийиш. Б.а 40-60км/саат жана жөө жүрүүчүлөр өтүүчү тилкени көргөндө да ылдамдыкты азайтып көңүл уруп кароо керек. Бул экөөн тең аткарбаган соң өлтүрө сүзгөндөй эле болот. Туура эле жазган.
-1
Chagylgan2
2018-10-02 18:21:24
Тойгузду го бул шумахерлер... Малдан айырмасы жок. Жол эрежесин билбесе эмнеге унаа айдайт?! Ошого ким берген айдоочулук куболукту?!! Жол эрежесин билбегендерге ким айдоочулук куболук берсе, ошолорду кошо жазалоо керек болуп калды... Ушундай акмактарды эртен актап жиберген сот-прокурорлорду кошо жоопко тартуу керек болуп калды. Буга окшогондорду кыргызчылык, тосмо арыз дебей камаш керек, 7-10 жылга. Анан турмодон чыккан сон 3-5 жыл унаа айдоого тыю салуу керек.....
+8
Dalil
2018-10-02 19:09:52
Бул өлтүрө сүзгөн жаранды "Корвалол" даарысын ичкен же ичпегенин текшерип койгула. Эки айдан соң бул да мен ошол даарыны ичкен элем деп чыкпасын.
+12
raykray
2018-10-02 20:36:59
Эх качпай биринчи жардам корсотсо больницага алып бара койсо эмне эле?. Кылмыш азыр 40секунда билинет ойлонсокчу туугандар( экооно тен жаман уйбулоо бир тууган,ата энесине
+1
admin_superstan
2018-10-03 11:10:49
Темадан алыс жеке айтышуулар өчүрүлдү! Порталдын эрежелерин сактагыла!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан