Бүгүн, 2-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде "тамашоучу" Актан Рыскелдиев эки уулуна той өткөрдү. Анда "тамашоучунун" улуу баласы Жантайдын сүннөт тою болсо, кичүү баласы Анатайдын тушоосу кесилди. Тойдо Актан Рыскелдиев жана жубайы Феруза тамада болуп, өзгөчө оюн-зоокторду уюштурушту.
Бул үй-бүлөнүн бүгүнкү жакшылыгына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев, ырчы Аяна Касымова, "Тамашоунун", "Жарайт ситинин" балдары, актёр Эмил Эсеналиев, шоумен Манас Алыкулов жана башкалар келишти.
Той учурунда коноктор сыртка чыгып Анатайдын тушоосун кесүүгө катышышты. Баланын тушоосун кесүүгө айымдар арасынан биринчилерден болуп музыкант Намаз Кербендер уулунун жубайы Жыпар Абдыкадыр кызы, экинчи "Эл эмне дейт" долбоорунун актрисасы Даткайым Кеңешова, үчүнчү ырчы Аяна Касымова чуркап келди. Ал эми мырзалар арасынан биринчи "Эл эмне дейт" долбоорунун актёру Чыңгыз Султанов, экинчи музыкант Бекболсун Асхат уулу, үчүнчү Актан Рыскелдиевдин таякеси келди. Алардан кийин тушоо кесүүгө кичинекей балдар да чуркап өз белектерин алышты.