Индонезияда жер титирөөдөн кийинки цунамиден каза болгон адамдардын саны 1234 адамга жетти. Бул тууралуу куткаруу кызматтарынын маалыматтарына таянып 3-октябрда жергиликтүү басылмалар жазышууда.
"Каза болгон адамдардын саны кескин өсүшү мүмкүн, себеби кырсыктын кесепетинен ураган имараттар көп жана алардын алдында калып калгандар да аз эмес. Учурда аларды издөө иштери улантылууда. Палу шаарына жакын 2 миң жашоочусу бар аймак менен дагы деле байланыш жок, ал аймак жок болуп кетиши да мүмкүн. Жабыркагандардын саны миңдеп саналууда. Ошондой эле учурда 17 миң адам турак жайсыз калган, учурда 2 миллион 400 адам гуманитардык жардамга муктаж болууда", - деп айтылат маалыматта.
Куткаруу иштерине куткаруучулар жана аскер кызматкерлери тартылган, алар күнү-түнү иш алып барууда.
Эске салсак, Индонезияда 28-сентябрь күнү күчү 5,8, 6,1 жана 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Сулавеси аралында цунами башталып, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 2 метрге чейин жеткен. Белгилүү болгондой, жыл сайын Индонезиянын аймагынан сейсмологдор күчү 4 баллга чейин жеткен 6-7 миң жер титирөө фактысын каттайт. Ошондой эле жер титирөөдөн кийин 1 миң 200 кылмышкер абактан качып кеткени маалымдалган.