Кыргыз драма театры жаңы сезонун ачты. Бүгүн "Саманчынын жолу" спектакли коюлат

2-октябрда Кыргыз драма театры жаңы театралдык сезонун "Манастын уулу Семетей" спектаклин көрсөтүү менен ачты. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы жарыялады.

Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров: "92-сезондун ачылышы болууда. Бул билбегенге жөн гана 9 жана 2 саны болсо, билгенге 92 деген бир кылым. Театрдын алп залкарлары, СССРдин Эл артисттери Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова баштаган, Кыргыз Эл артисттери Сыдыкбек Жаманов, Ашыралы Токталиев, Советбек Жумадылов улаган салтты бузбай кыргыздын сыймыгы болгон Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жаңы сезонун ачканы турат. Бул сезондо биздин эң мыкты спектаклдер коюлат. Театр сүйүүчүлөрү, ушул сезондо дагы биз менен бирге болосуздар деген үмүттөбүз", - деди.

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Саманчынын жолу" спектакли көрүүчүлөргө тартууланат. Театрда 24-октябрга чейин "Үйлөнүү", "Абийир кечирбейт", "Тумар ханыша", "Рамаяна", "Чыңгызхандын ак булуту", "Күйөө бала", "Керээз", "Күүгүм", "Торостук зөөкүр", "Бейтааныш", "Өпөң чычаң" аталышындагы спектаклдер коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jango
2018-10-03 09:20:50
Эээх кана эми ушул спектакльды москвага келип койушса бармакмын театрга барбаганыма 10жылдан ашып кетти чем концерт койгондун ордуна ушуга окшогон спектакльды койсо соонун болмок
0
pat12
2018-10-03 10:14:26
Мурда театрга коп маани берчу эмесмин. Бир жолу барып абдан жаккан. Корсон озун ошол окуяда жургондой болосун. Негизи театрдын коомдо тарбиялык мааниси абдан чон. Чем мечиттерге бут узулгончо бара бербей, бир жолу театрга барып койсонор жан дуйно эс алат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан