Чолпон-Ата шаарында 1-октябрь күнү эртең менен жоголуп кетип, кийин жансыз денеси талаадан табылган бала киши колдуу каза болгон. Бул маалыматты бүгүн, 3-октябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан тастыкташты.
"Шаардын четиндеги талаадан жансыз денеси табылган бала киши колдуу каза болгон. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, бала муунтулуп өлтүрүлгөнү далилденди. Бул факт боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүнү издөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.
Эске салсак, кечээ эртең менен милицияга арыз менен жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалган.