Каракол шаарында айдоочу унаасын башкара албай дубалды сүзүп, оор жаракаттан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский жана Харьковский көчөлөрүнүн кесилишинен Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай турак үйдүн дубалын сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын 1986-жылы туулган Ө.С. аттуу айдоочусу оор жаракаттардан улам каза болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.