Бишкекте жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бара жатып унаа сүзүп кеткен жабырлануучулар тосмо арыз жазып беришкенин Бишкек ШИИББинен тастыкташты. Тактап айтканда, унаа жана жөө жүргүнчүлөр катышкан 2 кырсык тең 24-сентябрда, эки башка учурда болгон.
Алардын бири саат 12:30 чамасында Юнусалиев жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бараткан мектеп окуучусун сүзүп кеткен. Натыйжада 13 жаштагы бала ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Экинчи кырсык Махатма Ганди көчөсүндө орун алып, Мазда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү тилкеден студент жигитти сүзүп кеткен. Натыйжада 20 жаштагы студент ар түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан белгилүү болгондой, эки факт боюнча жабырлануучулар айыпталуучуларга тосмо арыз жазып беришкен.
“Жабырлануучулар тосмо арыз жазып беришкени анык. Учурда тиешелүү экспертизалардын жыйынтыктары чыга элек, милиция бул арыздарды кабыл ала элек, тергөө иштери улантылып жатат”, - деп билдиришти шаардык милициядан.