SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы видеоклип толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Кайда?" чыгармасы кошулду.
Ырдын сөзү Тимур Салиевге таандык болсо, обонун ырчы өзү жараткан.
26-СЕНТЯБРДАН 3-ОКТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - 60'К тобу менен Айя Садырованын аткаруусундагы "Келчи, гүлүм" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.
9-орун - Айдин Шердин "Толкундайм" чыгармасына буюрган.
8-орунду - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" чыгармасы ээлеген.
7-орунда - Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" видеокомпозициясы жайгашкан.
6-орун - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясына буюрган.
5-орунду - Жийдеш Идирисованын "Наринай" чыгармасы ээлеген.
4-орунда - Арсендин "Арнадым сага" клиби жайгашкан.
3-орун - Кайрат Примбердиев менен Бегиштин аткаруусундагы "Барам кечинде" чыгармасы алдыңкы үч илтикте орун алган.
2-орунду - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы ээлеген.
1-орун - Мурунку аптада жаңыдан тизмеге кошулган таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" клиби эң көп добушка ээ болуп, бул аптанын жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.