"Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына күнөөлүү адам эркиндикте жүрөт" дейт жактоочу

"Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына күнөөлүү адам эркиндикте жүрөт". Мындай пикирин аталган жол кырсыгына күнөөлөнүп абакта отурган Азамат Таалайбеков аттуу айдоочунун жактоочусу Исмаил Токбаев 3-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Айтматов кең көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишинде 2018-жылдын 9-апрелинде Хонда Жаз жана Матиз унаасы сүзүшө кеткен. Натыйжада Хонда Жаздын ичиндеги 1 адам оорукана жетпей каза болсо, дагы бир адам окуядан 70 күн өткөндөн кийин каза болуп калган.

Жактоочу кырсыкка кабылган эки айдоочунун бири күнөөлүү делип камакта жатканын, экинчисине эч кандай чара көрүлбөй жатканына нааразы болду.

"Хонда Жаздын айдоочусу Абит Оморов жол чырактын кызылынан катуу ылдамдыкта өтүп Азамат Таалайбеков аттуу айдоочунун Матиз унаасын сүзүп кеткен. Оморовдун унаасы андан өтүп дагы бир унааны сүзүп алган. Натыйжада кырсыктан Оморовдун апасы жана Каныкей Алмазбекова аттуу бир жүргүнчүсү жаракат алган. Апасы ооруканага баратып каза болсо, Алмазбекова ооруканада 70 күн жатып каза болуп калган. Бирок айып Азамат Таалайбековго тагылып, ал 5 айдан бери камакта отурат. Ал эми Абит Оморов боштондукта жүрөт. Ал тургай тергөө маалында Түркияга да барып келген. Ал чет өлкөдөн унаа ташып, бир унаа жуучу жайына ээлик кылат экен. Андан сырткары кафе иштетет. Ачыгын айтканда, күнөөлүү адам акчанын күчү менен боштондукта жүрөт. Ал дагы жазасын алуусу керек", - деди жактоочусу Токбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chagylgan2
2018-10-03 14:51:52
А тиги камактагы жигиттин куноосу эмне?! Аны бекеринен камашпаган чыгаар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан