28-сентябрь күнү Индонезияда катталган жер титирөө жана анын кесепетинен жаралган цунамиден кийин эми вулкан атылууда. Сулавеси аралында жайгашкан Сопутан аталышындагы вулкан жетилип, 3-октябрь күнү эртең менен атыла баштаган. Маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.
"Жергиликтүү калк 5 күн мурунку зилзала жана цунаминин кесепеттеринен арыла электе, Сопутан вулканы жетилип, лава бүркө баштады" деп жазат булактар. Сопутан вулканы Сулавеси аралынын түндүк-чыгыш этегинде жайгашкан. Белгилүү болгондой, буга чейинки жер титирөө жана цунамиден каза болгондордун саны 1,2 миңден ашкан.
Жергиликтүү бийлик вулканга жакын жайгашкан калкка азырынча көчүп кетүү буйругун бере элек. Анткен менен вулкандын айланасында адам өмүрүнө коркунуч жарата турган кырдаал жогору. Буга чейин калкка вулкандын аймагынан алыс жашагыла деген эскертүү берилген. Жанар тоо бүрккөн күлдүн жана түтүндүн бийиктиги 6 чакырымга чейин көтөрүлүүдө. Мындай маалыматты учактардын экипаж мүчөлөрү берген.