"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы: "Сокулукта иштебей турган жол чырак оңдолууда, унаа аз болгондуктан инспекторлор ары жакта иштеп жатышкан экен"

Бишкек-Ош унаа жолунун Сокулук районуна караштуу Романовка айылындагы тилкеде жол чырак иштебей айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатканын SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына WhatsApp аркылуу окурман кабарлаган. Бул окуя тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматы бузулган жол чырак оңдолуп жатканын кабарлады.

"Жол чырак бузулганына байланыштуу ал жерде эки инспектор унаа кыймылын көзөмөлдөп иштеп жатышат. Ал эми бузулуп калган жол чырак боюнча кызматкерлер өз иштерин аткарышат. Тартылып алынган видеодо ал жерде эч кандай тыгын жок, унаанын саны аз болгондугуна байланыштуу биздин кызматкерлер ары жакта иштеп жатышкан экен. Эгерде коопсуздук жаралса алар келип иштерин аткарышат", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anonymous
2018-10-03 20:13:42
"Ары жакта иштеп жатышкан экен" өтө так жооп болуптур смартфонду башкармалыкка бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан