Кыргызстандык кикбоксчу Кумар Жалиев Азия оюндарында коло медалга ээ болду
Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык кикбоксчу Кумар Жалиев коло медалга ээ болду. Белгилүү болгондой, Жалиев финалдык оюнга чейин жетип, атаандашынан 3:0 эсебинде утулуп калды. Айта кетсек, мекендешибиз 81 килограммга чейинкилер арасында беттеш өткөрдү.